Сузакта мугалим окуучуларга кол көтөргөн. Министрлик үн катты

Сузакта мугалим окуучуларга кол көтөргөн. Министрлик үн катты

Сузак районунда окуучуларга көрсөткүч таякча (указка) менен кол көтөргөн мугалимге сөгүш берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына караганда, аталган окуя 2023-жылдын 12-апрелинде Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган.

Мектептин 67 жаштагы физика мугалим Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.

Окуя боюнча видео социалдык тармактарга тараган.

«Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалими АбдулашымЖолболдуевге КР билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “сөгүш” тартиптик жазасы берилди. Ал эми №11 М. Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору К.Р. Азимбаевге Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз коллегиясынын чечими менен КР Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “эскертүү” тартиптик жазасы берилет», — деп айтылат маалыматта.

Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>