Мамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыкты

01.10.2026 | 14:04
Мамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыкты — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков укук коргоо органдары тарабынан мамлекетке кайтарылган мүлктүн баасындагы чоң айырма боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды. Бул маселени ал парламенттин жыйынында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкуулоо учурунда көтөрдү.

Самаковдун айтымында, январь айында УКМКнын жыйынтыктоочу коллегиясында мамлекетке мүлк жана акчалай түрүндө жалпы 352 млрд сом кайтарылганы айтылган. Бирок депутат белгилегендей, бир күн мурун парламенттик комитеттин жыйынында УКМК төрагасынын орун басары кайтарылган каражаттын жана мүлктүн көлөмү 100 млрд сомдон бир аз ашарын билдирген.

Мамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыкты — иллюстрация
«Бул эки сумманын ортосундагы айырманы кандай түшүндүрүп бере аласыз?» — деп Самаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бексултан Токоновго кайрылды.

Токоновдун айтымында, 2021-2026-жылдар аралыгында мамлекетке жалпысынан 1 миң 773 объект жана мүлктүк комплекс кайтарылган. Алардын 155и конфискацияланып, дагы 1 миң 618и өз ыктыяры менен өткөрүлүп берилген.

Самаков кайтарылган мүлктүн баасын ким аныктай турганын сурады. Токоновдун айтымында, баалоону көз карандысыз жеке компаниялар жүргүзөт. Ошол эле учурда тергөө органдарынан агенттикке өткөрүлүп берилген мүлк баасы көрсөтүлбөстөн, нөлдүк нарк менен келип түшөт.

«Кийин биз аны сатууга чыгарсак, өзүбүз баалайбыз. Ошондон улам айырма келип калышы мүмкүн», — деди Токонов.

Ал учурда мамлекетке кайтарылган мүлктү толук инвентаризациялоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, 450гө жакын объект азырынча баалана элек. Алардын жалпы наркы дагы бир нече миллиард сомду түзүшү мүмкүн.

Самаков мурда айтылган жана азыркы суммалардын ортосундагы айырма өтө чоң экенин белгилеп, мүлктүн туура эмес же ашыкча бааланышы үчүн ким жооп берерин сурады. Депутаттын айтымында, сөз 200 млрд сомго жакын каражат жөнүндө болуп жатат.

Ошондой эле ал мүлктү туура эмес баалаган, анын наркын ашыра көрсөткөн же кызматтык абалынан пайдаланган адамдар боюнча агенттик укук коргоо органдарына кайрылган-кайрылбаганын сурады.

Токонов мындай адамдардын жоопкерчилигин кароо жана алардын аракеттерине укуктук баа берүү агенттиктин компетенциясына кирбей турганын билдирди.

Самаков бул маселени мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча каралып жаткан мыйзам долбоору менен да байланыштырды. Анын айтымында, мамлекетке кайтарылган мүлк бир баа менен кабыл алынып, кийин кыйла арзан сатылып кетпеши үчүн так механизм түзүлүшү керек.

Талкуунун соңунда Токонов айрым учурларда мүлктүн алгач көрсөтүлгөн жана реалдуу баасынын ортосундагы айырма негизсиз болушу мүмкүн экенин айтты.

«Балким, кээ бир учурларда ортодогу айырма жөн эле “аба” болуп калышы мүмкүн», — деди ал.
Scroll to Top