Сузактагы мыкаачылык. Жаңжал эмнеден чыккан?

Сузактагы мыкаачылык. Жаңжал эмнеден чыккан?

Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып кыйнаган кишинин окуясынын чоо-жайы тууралуу интернетке дагы бир видео жарыяланды.

Тасмадагы сөздөргө караганда, экинчи видео аял зомбулук көргөндөн кийин, туугандарынын үйүндө тартылган.

Анда жабырлануучунун баласы төркүнүндө жүргөн апасына келип, моюнунан кучактап кечирим сурайт. Жигиттин тай эжеси ага окуя тууралуу айтып берет.

“Карачы Дастан атаңдын кандай адам экенин. Мен атаңды жакшы көрчү элем, сыйлат элем. Кылганын сүрөтүн, видеолорун көрдүңбү? Мыкаачы, наркоман дагы мындай кылбайт. Жөн эле урса мейли эле, 25 жыл коюнунда жаткан аялын кантип ушундай кылсын?!” –деп айтат.

Анын айтымында күйөө баласы сиңдисин төркүнүнүн үйүнө барып, түнөп калганы үчүн сабаган.

“Мен сүйлөшүп, кой эми эртең барат дедим. Ага болбой “он күн мурун өлгүдөй угам, эсинен чыгып калыптырбы, жарым саат убакыт берем, келбесе сиңдиңе бул  үйдө орун жок” деди. Эртеси мага жибериптир көрүп ал сиңдиңди, башкаларга да сабак болсун, колуңардан эмне келет сүйлөп жибериптир”, ­– деп айтат жабырлануучунун эжеси.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуянын үрөй учрган видеосу интернетке тараган. Видео тасмада эркек киши аял кишинин мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап кыйнап жатканын көрүүгө болот.

Облустук милиция окуя  8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында болгонун айтып, шектүү кармалганын маалымдаган.

Сузак райондук соту аялын урган адамды 15 күн камакка алуу чечимин чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>