TikTok′то ич кийимчен түз эфирге чыккан блогер баңгизат менен кармалды

TikTok′то ич кийимчен түз эфирге чыккан блогер баңгизат менен кармалды

Бишкек шаарында баңгизат менен Сузак районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-августта саат 21:12 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1974-жылы туулган А.Н. карата ыкчам-иликтөө амалдарын жүргүзүлө баштаган. Бул жаран бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген.

Жогорудагы жаран жашаган үйүнүн жанында өзүн шектүү катары алып жүргөндүктөн, ИИМдин кызматкерлери “102” кызматы аркылуу Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам тергөө тобун тинтүү иштерин жүргүзгөнгө чакырган.

7-августта аталган факты Свердлов РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Окуя болгон жерге тергөө тобу чыгышып, А.Н. аттуу жарандан тинтүү убагында чолок шымынын оң чөнтөгүнөн ак кагазга оролгон кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заты алынган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен 8-августта Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

8-августта Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан ширенкенин кутучасы чыккан. Анын ичинде кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заттар бар экендиги аныкталган.

Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар “каннабис чайыры” баңгизаты экени аныкталган.  8-августта КЖПКнын 96-беренесинин негизинде жаран А.Н. кармалып, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Reporter.kg′ге өздүк булактар билдиргендей, кармалган жаран TikTok платформасында Акбала аттуу колдонуучу (ред. Акбала Нурдинов) болуп саналат. Ал аялдардын ич кийимин кийип, түз эфирге чыгып, колдонуучулардын нааразычылыгын жараткан.

Буга чейин Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев да аялдардын ич кийимин кийип алып, видео тарткан эркек балдарды сынга алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>