«Сүйүнчүсүнө 100 миң сом сурайм». Бишкекте тургун 1 млн сом таап алып, акчанын ээсин издөөдө

«Сүйүнчүсүнө 100 миң сом сурайм». Бишкекте тургун 1 млн сом таап алып, акчанын ээсин издөөдө

Бишкекте тургун Ак үйдүн алдынан 1 млн сом таап алып, ээсин издеп жатат. Бул тууралуу аталган адам билдирди.

Анын айтымында, ал эртең менен жумушка бара жатып, Ак үйдүн чыгыш тарабынан куржун таап алган. Ичин ачып караса, акча бар экен. Ал куржунда канча акча бар экенине кызыгып санап чыккан.

«Ашыгы-кеми жок 1 млн сом экен. Кимдин акчасы экенин билбейм. Куржунда акчадан башка эч нерсе жок экен. Документтер чыгып калабы деп текшерип көрдүм», — дейт ал.

Ал мынча акчаны биринчи жолу колуна кармап жатканын айтып, башында коркуп кеткенин билдирди.

«Башында куржундагы акчаны көргөндө, жасалма болуш керек, бирөөнүн тамашасы го деп ойлодум. Бирок жакшылап карасам, чыныгы акча экен. Ошондо коркуп кеттим. Кимдики болду экен, мени ууру деп ойлошпосун деген ойлор мазалады. Акчаны тапкан жерде куржунду кармап, ээси келип калат деп күттүм. Бирок эч ким келген жок. Айла жок, жумушка барыш керек болгондуктан, кетип калдым. Жолдо баратып да алды-артымды каранып, акчаны бирөө келип тартып алчудай корктум. Жумушка келгенден кийин 1 млн сом тапканымды элге жарыя кылууну чечтим. Эгер ээси табылып калса, 100 миң сом сүйүнчү сурайм. Жоомарттык кылып мен сураган сүйүнчүнү берет болуш керек», — дейт ал.

Бул жаңылык 1-апрель – Күлкү күнүн утурлай тамаша иретинде жазылды. Жүзүңүздөрдө дайыма жылмаюу болсун.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>