Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Министр: Дарыгерлер 23,6 миң, орто персонал 19,2 миң сомдон маяна алат
01.04.2024 | 12:37
Кыргызстанда дарыгерлер 23 миң 595 сомдон жана орто персонал 19 миң 181 сомдон маяна алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, өкмөт медициналык кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү убадалады. Маселен маянаны 50%га көбөйтүү үчүн өлкө бюджетинен 10 млрд сом керек болот деп эсептелген.
Ошондой эле Бейшеналиев учурда министрлик медициналык мекемелерде оптимизация жүргүзүп жатканын жана андан акча үнөмдөө болуп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом