Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыдыПашинян Армениянын ЖККУдан чыгарылышы мүмкүн экендиги боюнча пикирин билдирдиБишкек мэриясы «Манас» университетинин тосмосун бузууну мыйзамдуу деп атадыНарын шаарында 100 орундуу жаңы төрөт үйү курулуудаКамчыбек Ташиевдин жана башка саясатчылардын соту эми ачык түрдө өтөрү айтылуудаГрузиянын премьер-министри Кыргызстанга алгачкы расмий сапар менен келди
“Сындай бергиле”. Шакиев сындан коркпой турганын билдирди (видео)
05.11.2024 | 17:20
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев сындан коркпой турганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-октябрда парламентте журналисттердин кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди.
Ал жакында эле гимнди өзгөртүү тууралуу маселе көтөргөндө, сынга кабылганын кыйытып, сындардан эч нерсе болбой турганын айтты.
“Кээ бирөө “Нурлан Шакиевди сындадым, моокумум канды” деп ырахат алышы мүмкүн. Мен ага эч нерсе болбойм. Жерден алып көргө, көрдөн алып жерге койсун, сындасын.. Ошол жазгандарга айтып коеюн: “сындай бергиле, мен эч нерсе болбойм”. Мен бир Кудайдын, өзүмдүн ар-намысымдын жана кыргыз элинин алдында ак кызматымды аткарсам болду. Мен 150 лайк менен 450 комментарийдин кулу болуп, андан коркпойм”, – деди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом