Кыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди1-декабрдан тарта Кыргызстандын ИИМ кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт — Садыр ЖапаровФранция жана Германиядагы нааразылыктар: полиция менен кагылышуулар
Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду
10.06.2026 | 14:10

Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда, билдирди.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп Алтынбек Рысбеков дайындалды. Анын талапкерлиги энергетика министри кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлөт. Рысбеков буга чейин энергетика министринин орун басары кызматында иштеп келе жаткан.
Эске салсак, Таалайбек Ибраев энергетика министри кызматына 2022-жылдын октябрында дайындалган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: жарлык, Таалайбек Ибраев