Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
Талант Мамытов менен Даир Кенекеев “Кыргызстан” партиясына кошулду
10.08.2020 | 16:01
Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов менен “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси Даир Кенекеев “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү болду. Аларга 10-август күнү партиясынын төрагасы Канатбек Исаев партбилет тапшырды.
Талант Мамытов 2010-жылы Жогорку Кеңештин V чакырылышына “Ата-Журт” саясий партиясынан тизме менен, 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика Ата Журт” саясий партиясынан депутат болгон. 2007-жылдан 2009-жылга чейин Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун прокурору болуп иштеген.

Даир Кенекеев 2011-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеген. 2015-жылдан бери өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген.
2018-жылы Даир Кенекеев “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси болуп дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат