КР МСК соода тармагы үчүн патенттерди онлайн тариздөөнү ишке киргизди

КР Мамлекеттик салык кызматы (МСК) ишкерлер үчүн соода чөйрөсүндөгү патенттерди аралыктан сатып алууга мүмкүндүк берген жаңы электрондук сервисти ишке киргизди. Эми уруксат берүүчү документти мекеменин бөлүмдөрүнө барбастан жана кезек күтпөстөн, cabinet.salyk.kg порталындагы «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу тариздөөгө болот.
Бул кызмат базарлардагы соодагерлер, ошондой эле өзүнчө жайгашкан дүкөндөрдүн, павильондордун жана киосктордун ээлери үчүн жеткиликтүү. Патент алуу үчүн жеке кабинетте арыз толтуруп, соода түйүнү жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү, ал эми базардан тышкары жайгашкан объекттер үчүн — болжолдонгон жылдык жүгүртүүнү (оборотту) белгилөө зарыл. Тутум заматта төлөм жүргүзүү үчүн төлөм кодун жана QR-кодду автоматтык түрдө иштеп чыгат, аларды код түзүлгөн күндүн түн ортосуна чейин колдонуу керек.
Төлөм ийгиликтүү чегерилгенден кийин документ автоматтык түрдө активдештирилет, ал эми анын электрондук версиясын каалаган убакта жеке кабинеттен басып чыгарып алууга болот. Санариптик сервисти киргизүү — Салык кызматынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү онлайн форматка өткөрүү жана республикада чакан жана орто бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча пландуу ишинин бир бөлүгү болуп саналат.