Социалдык келишим 300 миң сомго чейин: Кыргызстанда жакырчылыкты кыскартуу программасы иштелип чыкты

Кыргызстанда 2030-жылга чейин жакырчылыкты кыскартуу жана калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү программасынын долбоору иштелип чыкты. Документте ишкердикти колдоо жана жаңы жумуш орундарын түзүүдөн баштап, жумушсуздуктан камсыздандырууну өнүктүрүүгө жана эмгек келишимдерин санариптик эсепке алууга чейинки комплекстүү чаралар каралган.
Программанын негизги максаты — адам капиталын өнүктүрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, сапаттуу жумуш орундарын түзүү жана аймактарды өнүктүрүү аркылуу жакырчылыктын деңгээлин туруктуу кыскартуу, калктын жумуш менен камсыз болушун жана бакубаттуулугун жогорулатуу.
Максаттуу көрсөткүчтөрдүн матрицасына ылайык, өлкөдө жакырчылыктын деңгээлин 2025-жылдагы 24%дан 2030-жылы 20%га чейин төмөндөтүү пландалууда. Айыл жеринде бул көрсөткүч 26,5%дан 22%га чейин, ал эми шаарларда 20,8%дан 17,3%га чейин кыскарышы керек.
Балдардын жакырчылыгына өзгөчө көңүл бурулган. Анын деңгээлин 2030-жылга чейин 33%дан 25%га чейин азайтуу каралууда. Ошол эле учурда калктын жалпы жумуш менен камсыз болуу деңгээлин 57,1%дан 60%га көтөрүү мерчемделген. Аялдар арасында бул көрсөткүч 43,4%дан 46,9%га, ал эми эркектер арасында 71,6%дан 73,8%га чейин өсүшү зарыл.
Негизги чаралардын бири «Социалдык келишим» программасын кеңейтүү болот. Пландын долбоорунда социалдык келишимдин суммасын азыркы 150 миң сомдон 300 миң сомго чейин көбөйтүү каралган. Бул чараны 2027-жылдын биринчи жарымында ишке ашыруу пландалууда.
Мындан сырткары, 2027-жылдын аягынан 2030-жылдын аягына чейин социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам алган катышуучуларга пайызсыз насыяларды берүү программасын ишке ашыруу каралган. Бул максатка 53,8 миллион сом каралууда.
Программада айыл аймактарында жумуш орундарын түзүүнү колдоо да камтылган. Сүт, эт, мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларын кайра иштетүү менен алектенген чакан жана орто ишканаларды ачуу жана өнүктүрүү боюнча жарандар, анын ичинде аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ар бир аймакта жыл сайын бештен кем эмес долбоорду ишке ашыруу пландалууда.
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 40 айыл чарба кооперативине жардам көрсөтүү каралган. Ошондой эле жасалма уруктандыруу пункттарынын тармагын кеңейтүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогору, кургакчылыкка жана суукка туруктуу сортторун ыңгайлаштыруу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү пландалууда.
Дагы бир чара — сервистик компанияларды издөөгө, айыл чарба техникасын оңдоого буйрутма берүүгө, жабдууларды ижарага алууга, кампаларды брондоого жана ташууларды уюштурууга мүмкүндүк берүүчү санариптик платформаны түзүү. Аны 2027-жылдын үчүнчү кварталынан 2028-жылдын үчүнчү кварталына чейинки аралыкта ишке киргизүү болжолдонууда.
Программанын өзүнчө бир бөлүгү эмгек рыногуна арналган. Пландалган чаралардын арасында экономиканын квалификациялуу кадрларга болгон муктаждыгын талдоо жана анын негизинде чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга квоталарды аныктоо бар.
Ошондой эле эмгек келишимдерин жана эмгек китепчелерин каттоону электрондук форматка өткөрүү жана эмгек келишимдери жөнүндө бирдиктүү улуттук маалымат базасын түзүү сунушталууда. Жумушсуздуктан камсыздандыруу тутумун өнүктүрүү жана жумушсуздарды социалдык жактан коргоону күчөтүү да пландалууда.
Бийлик кайтып келген жана потенциалдуу эмгек мигранттарына да көңүл буруп, алар үчүн иш менен камсыз болуу жана экономикалык өз алдынчалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү көздөөдө. Жумушка орношуу үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана эмгек шарттарынын коопсуздугу менен сапатына талаптарды күчөтүү да каралган.
Жакырчылык менен даректүү күрөшүү үчүн аны райондордун деңгээлинде картага түшүрүү, «Санарип аймак» платформасынын базасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү социалдык паспорттоштурууну, ошондой эле турмуштук оор кырдаалга кабылган балдары бар үй-бүлөлөрдү эрте аныктоо тутумун жакшыртуу сунушталууда.
Негиздеме-маалымкатта 2025-жылы Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 24%ды, ал эми жумушсуздук 3,7%ды түзгөнү белгиленген. Жумушчу күчүнүн саны 2 миллион 860,7 миң адамды түзүп, анын ичинен 2 миллион 756 миңи жумуш менен камсыз болгондор, ал эми 104,7 миңи жумушсуздар болгон. Программаны ишке ашырууга жалпысынан 922 миллион сом багыттоо пландалууда.
Токтом кабыл алынган учурда расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Анара Мамытова