Клинтонго учак басып алуу коркунучу тууралуу 1998-жылы эле эскертилген — ЦРУ

АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы (ЦРУ) 1998-жылдын декабрында эле АКШнын президенти Билл Клинтонго Усама бен Ладен жана анын жактоочулары өлкө аймагында кол салууларды, анын ичинде жүргүнчү ташуучу учакты басып алууну даярдап жатканын эскерткен. Бул тууралуу 11-сентябрдагы теракттардын 25 жылдыгына карата жашыруун сыры ачылган чалгындоо маалыматында айтылат.
1998-жылдын 4-декабрындагы документ президенттин күн сайын берилүүчү брифингине киргизилген болчу.
«Алынган маалыматтар бен Ладен жана анын союздаштары шейх Омар Абд ар-Рахманды, Рамзи Юсефти жана Мухаммад Садык Авданы бошотууга жетишүү максатында АКШда кол салууларды, анын ичинде учакты басып алууну даярдап жатканын көрсөтүп турат», — деп айтылат документте.
ЦРУнун маалыматы боюнча, 1998-жылдын октябрь айынын аягына карата «Гамаат аль-Исламия» тобу АКШнын аймагындагы операцияны пландаштырууну аяктаган, бирок кийинчерээк аны ишке ашыруу токтотулган.
Мындан тышкары, Американын чалгындоо кызматы топтун лидерлеринин бири Мохамед аль-Исламбули камактагы исламчыларды, анын ичинде Омар Абдель-Рахман менен Рамзи Юсефти бошотуу үчүн америкалык авиалайнерди басып алууну пландаштырганы тууралуу маалымат алган.
Жашыруун сыры ачылган маалыматта ыкчам топтун эки мүчөсү текшерүү учурунда Нью-Йорктун аэропортторунун бириндеги коопсуздук системасын кыйгап өтө алышканы да маалымдалган. Документте ошондой эле бен Ладендин 1998-жылдын 20-декабрына чейин америкалык учактарды басып алуу пландары тууралуу айтылган.
Эскерте кетсек, 2026-жылы АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарга 25 жыл толот. Ал кезде «Аль-Каиданын»* согушкерлери төрт жүргүнчү ташуучу учакты басып алышкан. Алардын экөө Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборунун мунараларына, дагы бири Пентагондун имаратына урулган. Төртүнчү учак Пенсильвания штатындагы Шанксвиллдин жанына кулаган.
Теракттардын кесепетинен 2 миң 977 адам каза болгон: 2 миң 753 адам — Нью-Йоркто, 184 адам — Пентагондо жана 40 адам — 93-рейстин бортунда.
*«Аль-Каида» — Кыргызстанда жана Орусияда тыюу салынган террористтик уюм.