Таласта муктаждар үчүн бекер нан кутучасы ачылды — сүрөт

Таласта муктаждар үчүн бекер нан кутучасы ачылды — сүрөт

Талас облусуна караштуу Манас районунун Покровка айылында муктаждар үчүн бекер нан кутучасы ачылды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка караганда, кутучага айылдын демилгелүү жаштары күнүгө нан салып тургандай кылып набайчыга акчасын төлөп турушат.

Алгачкылардан болуп райондун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев демилгенин башында турган айыл имамы жана башка айылдын имамдары менен нан салып, муктаждыгы бар адамдарга таратышты.

«Нанга барган ар бир жаран муктаждарга жардам иретинде нан салып турса болот. Кээ бир инсандарга жеңилдиги бар, себеби ар кандай учур болуп калышы ыктымал, ошол учурда кутудан бекер нан алып турушат. Мүмкүнчүлүгү бар адамдар набайчыга акчасын төлөп, нан салып турса чоң сооп болот», – деди райондун имамы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>