Бишкек мэриясы төрага Шакиевдин сын-пикирине жооп берди

Бишкек мэриясы төрага Шакиевдин сын-пикирине жооп берди

Бишкек шаардык мэриясы Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин сын-пикирине жооп берди.

Маалыматка караганда, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесине ылайык, мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты жайгаштыруу жергиликтүү маанидеги маселелердин бири болуп саналат.

Бирок, тышкы жарнактын өзгөчөлүктөрүн жөнгө салуучу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык, шаарларда, айыл аймактарында жана башка аймактарда тышкы жарнакты жайгаштыруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле автомобиль жолдорунун тилкесинде жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аймактык бөлүм менен макулдашууга жатат. Бул эрежеде каралбаган органдар менен макулдашуунун жол-жобосу талап кылынбайт.

Ошондой эле, «Жарнак жөнүндө» мыйзамынын IV главасы жарнак чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо жана өзүн өзү жөнгө салуу маселелерин жөнгө салат. Алсак, 26-беренеге ылайык жарнак материалдарына мониторинг жүргүзүү жолу менен Кыргызстандын жарнак жөнүндө мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контроль Монополияга каршы мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

“Жогоруда көрсөтүлгөн нормалардан Бишкек мэриясы тарабынан сунушталган Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тышкы жарнакты жайгаштырууга уруксат берүүгө ыйгарым укуктарга ээ эмес жана координациялык органдардын катарына кирбей тургандыгын белгилейт. Мэрия тышкы жарнакты жайгаштырууну координациялоо жол-жоболоруна жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдойт”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы жарнамалардын 99 пайызы орус жана англис тилдеринде экенин айтып, бул боюнча мэриянын ишин сынга алган.  Жыйында  “Жарнама жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып жаткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>