Афганистандагы селден 40 ашуун адам каза болдуСалык кызматы мүлк салыгын Салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу кантип төлөө керектигин түшүндүрдүМэрия бишкектиктерге чечилип алынган терезе торлорун кайтарып бербей жататГлава айылного аймака в Чуйской области задержан по подозрению в хищении бюджетных средствКР Саламаттыкты сактоо министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын жол коопсуздугу боюнча панелин жетектедиЭс алууда инфекция жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтуу керек — дарыгерлердин кеңеши
Таласта тургун башына таяк менен сокку жеп көз жумган. Шектүү кармалды
31.01.2025 | 16:34
Таласта 43 жаштагы жаран башына таяк менен сокку жеп көз жумган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 21-январда аларга Кең-Кол өзөнүндө мал багып жашап жүргөн 43 жаштагы киши каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине милиция барып, маркумдун сөөгүн кароо учурунда жаракаттары бар экени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 41 жаштагы жаран К.Б. кармалып, 2 айга камакка алынган.
Тергөө учурунда кылмыш спирт ичимдигин ичкенден кийин жасалгандыгы, шектүү пикир келишпестиктен улам каза болгон жаранды таяк менен башка чапкандыгы аныкталган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.