ЖРТ сертификаттарындагы ката окуу жайларга тапшырууга тоскоол болбойт — Министрлик

2026-жылдагы ЖРТ (ОРТ) сертификаттарынын бир бөлүгүндө кеткен техникалык ката абитуриенттердин Кыргызстандын жогорку окуу жайларына жана колледждерге тапшыруусуна таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Илим, жогорку билим жана инновациялар министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматы боюнча, 2026-жылдагы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) айрым сертификаттарынын төмөнкү бөлүгүндө техникалык себептерден улам 2026-жылдын ордуна 2025-жыл деп көрсөтүлүп калган.
Министрликтен түшүндүрүшкөндөй, ката ЖРТны өткөргөн көз карандысыз уюм — Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (БББОУБ/ЦООМО) тарабынан кеткен. Бул ката таза техникалык мүнөздө экени баса белгиленет.
Илим министрлиги белгилегендей, бул ката тестирлөөнүн жыйынтыгына, топтолгон балдардын санына, сертификаттын аныктыгына, абитуриенттердин конкурска катышуусуна жана алардын «Абитуриент онлайн» порталы аркылуу жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына кабыл алынышына таасир этпейт.
Буга байланыштуу министрлик ЖОЖдордун жана орто кесиптик окуу жайлардын кабыл алуу комиссияларына «Абитуриент онлайн» порталы аркылуу конкурстан ийгиликтүү өткөн абитуриенттерден берилген жылы туура эмес көрсөтүлгөн сертификаттардын түп нускасын кабыл алууга уруксат берди.
Мекеме билдиргендей, тийиштүү түшүндүрмөлөр бардык жогорку жана орто кесиптик окуу жайларына жөнөтүлдү, ал эми кабыл алуу комиссиялары мындай сертификаттарды эч кандай чектөөсүз кабыл алууга милдеттүү.
Кабыл алуу кампаниясы аяктагандан кийин окуу жайлар техникалык катасы бар сертификаттардын түп нускасын алардын аныктыгын текшерүү жана берилген жылы туура көрсөтүлгөн документтерге акысыз алмаштыруу үчүн БББОУБга (ЦООМО) өздөрү өткөрүп беришет.