Эс алууда инфекция жуктуруп алуу коркунучун кантип азайтуу керек — дарыгерлердин кеңеши

Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору жарандарды эс алуу учурунда жугуштуу оорулардын алдын алуу чараларын сактоого чакырды.
Борбордун адистери белгилегендей, күн жылыган мезгилде курч кармаган ичеги-карын жана башка инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучу жогорулайт.
Чет өлкөгө чыгууну пландаган жарандарга бара турган өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал менен алдын ала таанышуу жана ал аймакка мүнөздүү болгон ооруларды жуктуруп алуу ыктымалдыгын эске алуу сунушталат.
Ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматы боюнча, инфекциялар жана мите курттар көбүнчө булганган суу, жакшы тазаланбаган же бышырылбаган тамак-аш, кан соргуч курт-кумурскалардын чагуусу аркылуу, ошондой эле ооруган адамдар менен байланышта болгондо жугат.
Ичеги-карын инфекцияларынын алдын алуу үчүн адистер кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана ичүүнү, кайнатылбаган суудан жасалган музду колдонбоону, жашылча-жемиштерди таза суу менен жакшылап жууп, мүмкүнчүлүк болсо үстүнө кайнак суу куюп чайкоону кеңеш беришет.
Мындан тышкары, көчөдөгү тамактануучу жайлардан тамактануудан оолак болуу, көлмөлөрдө жана бассейндерде түшкөндө оозго суу киргизип албоо, ошондой эле тамактанар алдында жана тамак жасоодон мурун колду жакшылап жуу сунушталат.
Курт-кумурскалардын чагуусунан коргонуу үчүн дарыгерлер репелленттерди (курт-кумурскаларды үркүтүүчү каражаттар) жана чиркейден коргоочу торлорду колдонууну, денени болушунча жаап турган ачык түстөгү кийимдерди кийүүнү, ал эми бөлмөлөрдү желдетүү үчүн кондиционерлерди пайдаланууну сунушташат.
Дарыгерлер ошондой эле, эгерде адамдын абалы начарласа, өз убагында медициналык жардамга кайрылуу керектигин эскертишет.