Тамга айыл өкмөтүнүн адиси пара алууга шектелип кармалды

Тамга айыл өкмөтүнүн адиси пара алууга шектелип кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунда Тамга айыл өкмөтүнүн адиси опузалап пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, милицияга Тамга айыл өкмөтүнүн адиси кызмат абалынан пайдаланып жергиликтүү жарандарга көл жээгиндеги жер тилкелерди ижарага берүүдө акча каражаттарын талап кылып, алып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалыматты текшерүү убагында аталган кызматкер мурда жарандан алган акчаларды кайра кайтарып бергенге аракет кылып жүргөндүгү белгилүү болгон.

Натыйжада 7-мартта ал мурда пара катары алган акчаны Жети-Өгуз районунун тургунуна кайтарып берип жаткан жеринен кармалган.

Учурда ага Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара алуу) боюнча кылмыш козголгон.

Кармалган жарандын башка фактыларга катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча иликтөө иштери  жүрүп жатат. Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>