“Таштандыдан табылган” 19 жаштагы эне өз кызын өлтүрүүгө шектелүүдө

“Таштандыдан табылган” 19 жаштагы эне өз кызын өлтүрүүгө шектелүүдө

Казакстандын Алматы облусунда 17-майда таштанды таштоочу жайдан 5 жаштагы кыздын денеси табылды, деп маалымдайт Tengrinews.kz.

Жергиликтүү полиция кыздын жана анын апасынын өздүгүн аныктап, апасы 19 жаштагы К.И аттуу жергиликтүү тургун экени белгилүү болгон.  Эненин айтымында, кызы 2017-жылы туулган жана кем акылдык, шал оорулары менен жабыркап келген.

Белгилүү болгондой, ушул жылдын февраль айында кыз катуу ооруп, чарчап калган. Буга байланыштуу апасы бир тууганы менен бирге кызын шаардын четине алып барып көмүп коюуга аракет кылган.

Бул иш боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жаза кодексинин 99-беренеси боюнча (“адам өлтүрүү”) кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.  Кыздын өлүмүнө шектүү делген эки адам көрсөтмө берүү үчүн милиция кызматына жеткирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>