Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 26 жаштагы жигит кармалды
30.09.2026 | 12:54

Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагында синтетикалык баңгизаттарды катып сатуу менен алектенген деп шектелип 26 жаштагы эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Шектүүнү текшерүү учурунда көк түстөгү таңгактарга салынган 57 даана түйдөкчө табылып алынган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат мефедрон баңги каражаты болуп чыкты. Анын жалпы салмагы 141,23 граммды түзгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде кылмыш иши козголду.
Учурда окуянын жагдайларын жана баңгизат жүгүртүүгө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: баңгизат