«Тазалык» техника сатып алууда мамлекетке 8 млн сом зыян келтирген

«Тазалык» техника сатып алууда мамлекетке 8 млн сом зыян келтирген

«Тазалык” ишканасына атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 8 миллион сомдук зыян келтирилген.  Бул тууралуу Башкы прокуратурадан  билдиришти.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, мэрияга караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына 5 даана атайын техникаларды сатып алууда мыйзамсыз келишим түзүлгөндүгү аныкталган.

Тактап айтканда, ишкананын тендердик комиссиясы орточо базар бааларын изилдебестен жана реалдуу бааны аныктабастан, 2022-жылдын сентябрь айында “Г” ЖЧКсы менен 5 даана атайын техникаларды сатып алууга келишимди түзүү чечимин кабыл алган. Бирок, аталган коом келишим түзүүдөн баш тарткандыгына карабастан, “Тазалык” ишканасы ага 466 миң сомдук сунуштун кепилдик камсыздоосун мыйзамсыз кайтарып берген.

Ал эми, 2022-жылдын 5-октябрында “Тазалыктын” мурдагы директору К.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып атайын техникаларды “K” ЖЧКсынан 4 миллион 573 миң сомго жогорулатылган баа менен мыйзамсыз сатып алган. Ошондой эле, коом келишимде каралган алып келүү мөөнөтүн бузгандыгы боюнча 3 миллион 10 миң 500 сом өлчөмүндөгү айып пул өндүрүлбөгөн.

Натыйжада, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 8 миллион 49 миң 500 сомдук материалдык зыян келтирилген. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>