Жапаров Армения жана Орусиянын өкмөт башчылары менен сүйлөштү

Жапаров Армения жана Орусиянын өкмөт башчылары менен сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Никол Пашинян менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү тармактардагы кыргыз-армян эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин жана экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты.

Ал эми Михаил Мишустин менен болгон сүйлөшүүдө тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Евразия экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>