Тажикстан коргонуу концепциясын иштеп чыгууга киришти

Тажикстан коргонуу концепциясын иштеп чыгууга киришти

Тажикстанда улуттук коргонуу концепциясы түзүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон парламентине жолдогон кайрылуусунда билдиргенин  бүгүн, 23-декабрда avesta.tj жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, Рахмон террористтик жана экстремисттик кылмыштарга, анын ичинде маалымат технологияларын колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Анын негизинде Башкы прокуратурага, УКМКга, Ички иштер министрлигине башка түзүмдөр менен биргеликте бирдиктүү маалымат борборун түзүү маселесин кароону тапшырды.

«Дүйнөдөгү оор кырдаал бизди Куралдуу Күчтөрдү модернизациялоо жана жабдуу боюнча чараларды көрүүгө мажбур кылууда. Буга байланыштуу Коргоо министрлиги Улуттук коргоо концепциясын иштеп чыгышы керек”, — деди Рахмон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Тажикстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>