КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
Баткен: Жабыркагандардын насыясын жоюу уланууда
20.11.2022 | 13:50
Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 млн 370 миң сом насыясы жоюлду. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 10-ноябрына карата финансы-кредит уюмдарына 443 карыз алуучу кайрылган, алардын ичинен 19 млн 370 миң сом суммасында 280 кредит эсептен алынып салынган, 28 млн 836 миң сом суммасында 138 кредит реструктуризацияланган.
Азыркы тапта, финансы-кредит уюмдары жабыркаган карыз алуучулардан келип жаткан бардык арыздарды кароону улантып жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом