Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта каза болуп, азыркыга чейин өздүгү тактала элек сөөктөр бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюна комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында депутат Ырысбек Атажанов куралдуу кагылышта каза болуп, «өздүгү тактала элек, күйгүзүлгөн сөөктөр барбы жана саны канча?» деген суроо узатты.
Касымбеков өлүкканада өздүгү тактала элек сөөктөр бар экенин, дагы келип жатканын билдирди.
«Тилекке каршы, андай жарандар болуп жатат. Азыр 5 сөөк бар. Дагы келип жатат», — деди ал.
Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.
17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (Достук, Паскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.
18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.
Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.
19-сентябрга караган түн тынч өткөн, ок атышуулар болгон эмес. Ошол эле учурда абал чыңалуу бойдон калууда.
Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты, жарадар болгондордун саны 163тү түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз