Чек ара: Баткенде эвакуацияланган 23 кош бойлуу келин көз жарды

Чек ара: Баткенде эвакуацияланган 23 кош бойлуу келин көз жарды

Баткен облустук ооруканасына 16-18-сентябрь күндөрү эвакуацияланган 38 кош бойлуу аял жаткырылган. Алардын ичинен 23ү көз жарса, 4ү кесарево жолу менен төрөгөн. Бул тууралуу Баткен облусу боюнча саламаттыкты сактоо координатору Арзыбек Бөрүбеков билдирди.

Кош бойлуу аялдар ооруканаларга бөлүштүрүлгөн. Ош шаарында 7, Айдаркенде 8, Кадамжайда 11 жана Кызыл-Кыяда 2. Лейлектеги ден соолукту чыңдоо борборунун төрөт бөлүмүнө эвакуацияланган 11 кош бойлуу аялдын 4ү Баткенге, 3ү Сүлүктүгө, 3ү Кулундага которулган.

Бүгүнкү күндө Баткен облустук ооруканасында төрөт бөлүмү иштеп жатат.  Кадамжай ден соолукту чыңдоо борборунун төрөт бөлүмүнө 13 кош бойлуу аял кайрылса, 8 адам дарыланууга жаткырылган, 2 аял Ош шаарындагы башка ооруканага которулуп, 6 аял амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Ал эми Айдаркендеги төрөт бөлүмүнө 25 аял кайрылып, бирөө төрөп, дагы бири төрөткө даярданууда. 12 кош бойлуу аялга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Баткен облусунун калкынын басымдуу бөлүгү Кадамжай, Айдаркен жана Кызыл-Кыя шаарларына көчүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>