АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
УКМК: Чек арада абал тынч, турукташуу тенденциясы бар
18.09.2022 | 14:55
Бүгүн, 18-сентябрь саат 14:00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой чек арада абалды курчутуу аракеттери жана ок атуулар байкалган жок. Тараптар ок атышууну токтотуу келишимин аткарып, тиешелүү күчтөрдү тартып кетүү багытында иштер уланууда.
Тиешелүү комиссиялар чек арадагы абалды жайгаштыруу жана эки өлкө ортосундагы чыңалууну азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Жеринде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жүрүп, Тажикстан тарап менен тиешелүү иштер алынып барууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом