Тажиктер барымтага алган баткендиктерге компенсация төлөнгөн эмес

Тажиктер барымтага алган баткендиктерге компенсация төлөнгөн эмес

Чек ара чырында Тажикстан тарап барымтага алган Баткен облусунун тургундарына мамлекет убадалаган компенсация төлөнгөн эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

“Азыр Улуттук госпиталда барымтада болгон Баткен облусунун төрт жараны дарыланууда. Аларга 8 миң сомдон берүүнү убадалаган экен, бирок ал каражатты эч ким берген эмес. Алар азыр тамак-ашка жана керектүү каражаттарды алуу үчүн жардам сурап элдерге кайрылууга аргасыз болушууда”, — деген Карамушкина.

Белгилей кетсек, 28-30-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу жаңжал орун алган. Кыргызстандын бир нече жараны Тажикстандын аскерлери тарабынан барымтага алынган. Алардын көпчүлүгү ал жакта кыйноолорго кабылганын билдиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>