Садыр Жапаров: Бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз калбайт

Садыр Жапаров: Бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз калбайт

Садыр Жапаров Лейлек районундагы Максат айылынын инфраструктурасын калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчсы Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жабыркаган Лейлек районунун Максат айылына барды.

Мамлекет башчысы талкаланган объектилерди, анын ичинде өрттөлүп кеткен мектепти көрүп, ошондой эле турак-жай имараттарынын жана билим берүү объектилеринин курулушу, атап айтканда, 100 орунга эсептелген 2 кабаттуу жаңы бала бакчанын долбоору менен таанышкан.

Президент ошондой эле жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алар менен баарлашууда мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жөнүндө кеңири айтып берген.

Анын айтымында, бул маселенин чечилиши аймактын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу.

Жапаров Баткен облусуна мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп келе жаткандыгын жана мындан ары дагы көңүл буруларын баса белгилеген.

Президент бир дагы жергиликтүү тургун жардамсыз жана керектүү колдоосуз калбастыгына ишендирип өткөн.

Ошондой эле Садыр Жапаров гуманитардык жардамдарды даректүү бөлүштүрүү зарылдыгын кошумчалаган.

Баарлашуу учурунда жергиликтүү тургундар өткөн окуяларда жабыркагандарга ар тараптан колдоо көрсөтүү, ошондой эле жеке мүнөздөгү бир катар маселелерди көтөрүшкөн.

Алар бийликтин чек ара көйгөйлөрүн чечүү боюнча кылып жаткан аракеттерин колдой тургандыктарын билдиришкен.

Ошону менен бирге жергиликтүү эл мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоого жана өлкөнүн ар тарабынан гуманитардык жардамдар келип жаткандыгын белгилөө менен кыргызстандыктарга ыраазычылык билдиришкен.

Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө жолугушууда айтылган маселелерди чечүү үчүн бир катар тапшырмаларды берген. Ошондой эле бардык объектилерди мерчемделген убакытта калыбына келтирип, куруп бүткөрүүнү талап кылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>