Телефондук алдамчылардан сак болгула!

Телефондук алдамчылардан сак болгула!

Заманбап технологияларды колдонуу менен жазалган кылмыштуу аракеттер өнүгүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматына ылайык, телефондук алдамчылар өзүнүн кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу үчүн интернет мейкиндигин жана уюлдук байланышты колдонуу аркылуу, атайын тандалган же туш келген жарандын ишеничине кирип аны алдоо аркылуу өз максатына жетет.

Бүгүнкү күндө аталган алдамчылык фактылары боюнча облустук милицияга жарандардан үч арыз түшүп, ал боюнча сотко чейинки өңдүрүш иштери башталган.

«Нарындын тургундарынан жана конокторунан алдамчылык менен күрөшүү максатында телефондук алдамчылардан сак болуп, интернет мейкиндигинде тараган шектүү шилтемелерди (ссылка) жайылтпоого жана телефондук алдамчылардын аракеттерине кабылган учурда алар тарабынан айтылган маалыматтарды текшерүү аракетин көрүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, милиция эгерде шек жараткан чоочун абоненттик номерлер аркылуу жүргүзүлгөн СМС-билирүүлөр, чалуулар түшсө дароо 102ге билдирип, далилдерди сактап калып өткөрүп берүүнү өтүнөт.

 

Телефондук алдамчылыкты ишке ашыруунун көп кездешкен түрлөрү:

— жарандарга ар кандай утуштарга ээ болгондугу боюнча кабарлап, утушту алуу үчүн кандайдыр бир суммадагы акча каражаттарын которууга же алардын банктык карталары тууралуу маалымат берүүгө түртүү;

— жарандардын туугандарынын, досторунун атын жамынып, телефон аркылуу жашоодогу оор абалга кабылгандыгын, тез арада акча каражаты керек болуп жаткандыгын айтып, кандайдыр бир суммадагы акча каражатын которууга мажбурлоо.

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>