Жашыруун ок-дары саткан «Жора» колго түштү

Жашыруун ок-дары саткан «Жора» колго түштү

18-сентябрь күнү, автоматтын 2 магазини, 21 огу менен «АКСУ-74У» үлгүсүндөгү автоматтык ок атуучу куралды сатып жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын 1956-жылы туулган тургуну Ж.Ж кармалды. Учурда Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камалганын аталган мекеме билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ушул айдын башында «Жора» аттуу жарандын «Калашников» үлгүсүндөгү автоматы сатып өткөрүү үчүн кардар издеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Автомат « Жора» тарабынан 20 миӊ сомго бааланган. Милиция кызматы тез арада ал адамды таап, ок атуучу куралды башка кылмыштуу элементтерге жеткирбестен алууну көздөшүп, ал жаранга өздөрүн сатып алуучу адам катары тааныштырышып, байланышка чыгышат. Курал саткан адам бир нече күн жооп бербей, сактанып, «кардарларды» текшерип жатып, акыры макулдугун берген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>