Жапаров Түркияда Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү — эмнелер талкууланды31-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйтКасым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйында
Темирлан Султанбеков ИИМге суракка чакырылды
17.09.2021 | 15:57
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү бүгүн Reporter.kg ге билдирди.
Анын айтымында, адвокаты аркылуу аны бүгүн саат 16:00го суракка келип кетүүгө чакырган.
“Суракка кайсы иш боюнча чакырылганымды азырынча так билбейм. Ал жакка барганда билебизда”,- дейт Султанбеков.
Акыркы күндөрү “Кумтөр” жана “Бийликти күч менен басып алууга” шек түү катары бир канча саясатчылар суракка чакырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат