Бишкекте аял жүк ташуучу унаанын астында калып, каза болдуОшто аэропорт кызматкери мыйзамсыз миграцияны уюштурууга шектелип кармалдыБишкекте балыкты кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирдиКыргызстанда атын же фамилиясын кантип өзгөртсө болот жана эмнелерге тыюу салынат: «Кызмат» ММнин түшүндүрмөсүБишкекте М. Иманалиев көчөсүнүн айрым тилкелери оңдоого жабылатЧоң-Кеминде ак илбирсти коргоого арналган экологиялык фестиваль өтөт
Тендер: АИ-92 бензинин 1 литрин 284 миң сомго алабыз!
15.10.2021 | 14:04
АИ-92 бензинин 1 литрин 284 миң сомго алабыз! Мындай мүнөздөгү тендер сатып алуулар боюнча мамлекеттик порталына жарыяланган.
Андагы маалыматтарга карасак, Ички иштер министрлигинин мамлекеттик атайын күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Бишкек шаарынын Ленин районунун күзөт бөлүмү 10 миң литр көлөмүндөгү АИ-92 бензинин сатып алууга тендер жарыяланган. Бирок, бул жерде 2 миллиард 840 миллион сом болгон тендердин суммасы суроо жаратууда. Башкача айтканда, 1 литр күйүүчү май үчүн күзөт бөлүмү 284 миң сомго чейин төлөөгө даяр.
Соңку айларда бензиндин баасы өстү, бирок, мынчалык деңгээлге жете элек.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика