Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Террордук уюмдун мүчөлөрүнө курал саткан адам кармалды
16.02.2023 | 11:07
Жалал-Абад облусунда, эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнө курал сатып, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караган, ал 15-февралда колго түшүрүлгөн. Шектүү Сузак районунун 47 жаштагы Р.К.А. аттуу тургуну болуп саналат.
Мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында белгилүү болгондой, кармалган жаран эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнө курал – Калашников (АК-74) автоматын, гранатомет саткан. Кийинчерээк аталган террордук уюмдун мүчөлөрү Бишкек шаарында террордук акт уюштуруу аракети учурунда жок кылынган.
Учурда шектүү тергөө абагына камакка алынган. Анын террордук уюмдарга жардам көрсөтүү боюнча башка факттарга катыштыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз