Апта: Кемпир-Абад, президенттердин жолугушуусу, Bayraktar Akıncı

Апта: Кемпир-Абад, президенттердин жолугушуусу, Bayraktar Akıncı

Бул аптада Кыргызстанда бир катар маанилүү окуялар болду. Анын ичинде кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларына байланышкан маселелер каралып, Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı дрондорун сатып алары айтылды.

Кыргыз-өзбек чек арасы… Кемпир-Абад

Акыркы мезгилде Кыргызстанда эл арасында Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга берилери тууралуу сөз көп айтылып жаткан. Апта башында ал маалымат так экени белгилүү болду. Бул маселе боюнча 10-октябрда парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйыны өтүп, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы тууралуу келишимдин долбоору боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен чек ара маселесин чечишүүдө талаштуу жерлердин дээрлик баары Кыргызстанга өтө турган болууда. Ташиев Кыргызстандын аймагы кошумча 15 миң 806 гектарга көбөйүп жатканын билдирди.

Ошол эле учурда ал чек ара маселесин такташууда Кыргызстан толук жеңүүчү болбогонун айтып, Өзбекстанга Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери бериле турганын белгиледи.

Анын айтымында, суу сактагычтын жерин берүү тууралуу 1965-жылы эле чечим болгон.

Ташиев Кемпир-Абаддагы суунун алдындагы жер Өзбекстанга берилип, бирок сууну колдонуу боюнча биргелешкен ишкана түзүлөрүн айтты. Кыргызстандык жарандар суу сактагычтын суусун сугат, малды сугаруу үчүн пайдалана алат жана балык уулоого чектөө болбойт.

Күн аягында парламенттин тармактык комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жактырып берди. Бирок 15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселеси боюнча өткөн курултайда депутат Адахан Мадумаров комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков комитеттин чечимине кол койбогонун, ага байланыштуу Айдарбековду төрагалыктан кетирүү аракеттери болуп жатканын билдирди.

Bayraktar Akıncı аскердик дрондору

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына 12-октябрда Түркияда өндүрүлгөн Bayraktar Akıncı учкучсуз аскердик учактын жанында түшкөн сүрөтүн чыгарып, «Акынжы биздики. Боордош элибизге рахмат» деп жазып, Кыргызстан аталган учактарды сатып алып жатканын билдирди. Былтыр эле Кыргызстан Түркиядан Bayraktar TB2 дрондорун сатып алган.

Bayraktar Akıncı 12,2 миң метр бийиктикке чейин уча алары айтылат. Анын канатынын жайылышы 20 метр, узундугу 12 метрди түзөт. Максималдуу учуу салмагы – 5,5 тонна. Ал эң көп 24 саатка чейин тынымсыз учуп жүрө алат. Максималдуу ылдамдыгы саатына 360 чакырымга чейин жетет.

Кыргызстан Түркиядан Bayraktar Akıncı дронунан канчаны алып жатканы ачыкталган жок, бирок түркиялык басылмалар биринчи этапта Кыргызстан Bayraktar Akıncı учагынан төрттү сатып аларын жазышууда.

Кыргыз-тажик чек арасы. Президенттердин жолугушуусу

Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселелер талкууланып, сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өттү.

Бул жолугушуу боюнча Жапаров менен Рахмон эч кандай комментарий берген жок. Бирок ал тууралуу Владимир Путин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып сөз кылды.

Путиндин айтымында, жолугушуу конструктивдүү өттү.

 «Албетте, мамилелер кызуу фазада турганда кандайдыр бир тил табышуу оңой эмес. Бирок, биз муну жасай алдык деп ойлойм. Кандай болгон күндө да биз согуштук аракеттердин кайра башталышына жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлөт деп макулдаштык. Бул биринчи. Экинчиден, бул абдан маанилүү, тараптар качкындарды кайтаруу үчүн керектүү кадамдарды жасашат. Ал эми үчүнчү, маанилүү элемент – биз кандайдыр бир ортомчу ролду ойнойбуз деп түр көрсөтпөйбүз, бирок, ачык айтканда, бизден муну суранышты», — деди ал.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу Москвада Кыргызстан менен Тажикстанда жок документтер болушу мүмкүн.

«Бизге башка тараптар бул көйгөйдү чечүү боюнча көз карашын жана тиешелүү документтерди бизге берет деп макулдаштык. Ошондой эле биз бул сунуштарды өз тарабыбыздан баалоого гана аракет кылбастан, чечим табуу үчүн колубуздагы документтерди колдонобуз, мүмкүн болгон келишимдердин негизинин бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн. Дегеним, Москвада кээде союздук республикалардын ортосундагы чек аралар жөнүндө союздук республикалардын өздөрүнө караганда алда канча ишенимдүү маалыматтар бар. Биз ал документтерди, карталарды көтөрөбүз, карап чыгабыз, анан кесиптештерибиз менен чогуу чечим издейбиз«, деди Путин.

Сөз эркиндиги үчүн жүрүш

14-октябрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кыргызстандын көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары – Kaktus.media, Azattyk, Kloop сайттарын жабуу идеясына байланыштуу сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүш өттү.

Жөө жүрүш саат 13:00дө темир жол бекетинин жанында башталып, акциянын катышуучдары Эркиндик бульвары менен «Ала-Тоо» аянтына чейин басып келишти. Катышуучулар Кыргызстанда сөз эркиндигине кысым болбошу керектигин айтып, ММКлардын коррупциялык иштерди ачыкка чыгарууда орду чоң экенин белгилешти.

Эскерте кетсек, Нарматованын аталган демилгеси тууралуу 12-октябрда депутат Дастан Бекешев айтып чыккан. Бирок бул маалыматты Нарматова төгүндөгөн.

13-октябрда Azattyk’тын кеңсесинин алдында митинг өтүп, анын катышуучулары тарабынан Kaktus.media, Azattyk, Kloop сайттарын жабуу талабы жаңырган. Аны менен бирге катышуучулардын бири Azattyk’ка карата коркутууларду айткан. Бул окуя боюнча Azattyk милицияга арыз менен кайрылган.

Элдик курултай. Кемпир-Абад

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычы маселеси боюнча Элдик курултай өттү.

Жыйынга катышууга өлкөнүн аймактарынан жарандар, активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров, Дастан Бекешев, саясатчылар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Исмаил Исаков жана башкалар катышты.

Курултайга катышып, сөз сүйлөгөндөр Кемпир-Абад суу сактагычы  Өзбекстанга берилбеши керектигин айтышты. Айрымдар президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жерин Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши жазылган келишимге кол койбоого чакырды.

Жыйындын аягында резолюция кабыл алынып, анда бир нече талаптар жазылды. Анын ичинде Кемпир-Абадга тиешелүү жер алмашуу, делимитация иштерин токтотуу, делимитация жана демаркация боюнча комиссияны кайра түзүү, чек ара боюнча протоколдорду ачыктоо, 36, 39 жана 42-протоколду жокко чыгаруу, саясий куугунтуктарды токтотуу талаптары коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>