“Токмок суу каналдын” жетекчисине пара берген орун басары кармалды

“Токмок суу каналдын” жетекчисине пара берген орун басары кармалды

УКМК тарабынан муниципалдык ишканалардагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Токмок шаарында “Токмок суу канал” муниципалдык ишканасынын  балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Токмок суу канал” ишканасынын директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган.

Ошол эле учурда, 2023-жылдын 26-июнунда козголгон кылмыш ишинин алкагында “Токмок суу канал” ММдин директору О.С.К.га пара берип жана муниципалдык менчикти сатууну жашыруу максатында 60 миң сом пара берип жаткан жеринен анын орун басары А.А.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары, А.А.А.нын унаасынан суу түтүктөрүн сатуудан түшкөн дагы 135 миң сом акча каражаты табылган. Учурда аталган мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>