Самарадагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду. Видео

Самарадагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду. Видео

Россиянын Самара облусунда жол кырсыгы болуп, 6 адам каза болду. Алдын экөө Кыргызстандын жана төртөө Өзбекстандын жарандары болгон.

ТИМдин маалыматы боюнча, жол кырсык 27-июнь күнү саат 00:05те Самара — Большая Черниговка унаа жолунун 110-чакырымында Большеглушицкий районунун Кобзевка айылына жакын жерде болгон.

“Хонда Степвагон” менен “Хундай Элантра” үлгүсүндөгү унаалардын кагылышынын кесепетинен 6 адам — Кыргызстандын эки жараны (1992, 1979-жылы туулган), бир эркек жана бир аял, ошондой эле Өзбекстандын төрт жараны каза болгон. Жети адам (1988, 1990, 1993, 1993, 1994, 1996, 2003-жылы туулган эркектер) ооруканага жаткырылган. Кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда.

Ал эми Орусиянын SHOT Telegram-каналы кырсык болгон жерден фото жана видеолорду жарыялады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>