Токмокто окуучулар мушташып, алардын бири ооруканага түштү

Токмокто окуучулар мушташып, алардын бири ооруканага түштү

Токмок шаарында мектептердин биринде 8-класс менен 9-класстын окуучулары мушташып кетишип,алардын бири ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 25-майда болгон. 26-майда Токмок шаардык аймактык ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда денесинен ар кандай жаракаттарды алган 15 жаштагы өспүрүм медициналык жардам алуу үчүн кайрылганы кабарланган. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 25-майда 8-класс менен 9-класстын балдары мушташып, бири-бирине залал келтиргенин аныкташкан.

Бул факты каттоого алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө жаңжалга катышкан окуучулардын аты-жөнү такталган. Сурак учурунда алар көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан.

Ал эми 27-майда мушташка катышкан балдардын ата-энелери арыз менен милицияга кайрылышкан. Учурда уруштун бардык жагдайларын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>