Энергетикалык суусундуктар нерв системасынын ашыкча козголушун жаратат — Дайырбек Орунбеков

Кыргызстандын президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарга энергетикалык суусундуктарды ашыкча ичүүнүн кесепеттери тууралуу эскертти.
Анын айтымында, акыркы бир жылдан бери ал спорт менен активдүү алектенип, ар дем алыш сайын тоого чыгып турат. Жүрүштөр учурунда сергек жашоо образын тандаган жаштарды көп кездештирет, бирок алардын көбү дал ошол чокуга чыгып бараткан учурда энергетикалык суусундуктарды ичип баратканын байкаган.
«Сергек жашоону тандап, спортко ыктагандарды көрүп — дени сак муун өсүп жатат, ушулар мекенибиздин келечеги деп ичимден кубанып коём», — деп белгиледи ал.
Ошол эле учурда аткаминер энергетикалык суусундуктар жаштардын күнүмдүк жашоосунун көнүмүш бөлүгүнө айланып калганына көңүл бурду. Аларды спорт менен машыгуу учурунда гана эмес, шаар көчөлөрүндө да ичишет, ал эми дүкөндөрдө мындай продукциянын түрү толуп турат.
Орунбеков көпчүлүк энергетикалык суусундуктарды алардын организмге тийгизген терс таасири тууралуу ойлонбостон, кошумча күчтүн булагы катары жаңылыш кабыл алышат деп эсептейт.
«Бул суусундукту ичкенде активдүүлүк жогорулап, жүрөк бат согуп, адам активдүү болгондой таасир калтырат. Бирок ал энергия, күч берип жатат дегенди билдирбейт», — деп жазды ал.
Анын пикиринде, мындай суусундуктар убактылуу гана сергектикти жаратат, андан кийин адам чарчап, алсырап калышы мүмкүн.
Мүмкүн болгон кесепеттердин катарында Орунбеков жүрөктүн кагышынын бузулушун, кан басымдын жогорулашын, уйкунун качышын, нерв системасынын ашыкча козголушун, ошондой эле кант диабети менен гастриттин пайда болуу коркунучун атады.
Мисал катары ал казакстандык белгилүү актердун тагдырын келтирди. Анын айтымында, ал актер онкологиялык оорусун энергетикалык суусундуктарды ичүү менен бир нече ирет байланыштырып, кийин оорудан улам каза болгон.
Мындан тышкары, Орунбеков жакында эле уккан Кыргызстандагы окуя тууралуу да айтып берди. Ал энергетикалык суусундукту ашыкча өлчөмдө ичип алгандан кийин адамдын жүрөгү тез согуп, кан басымы көтөрүлүп, көз жумганын белгиледи.
Сөзүнүн аягында аткаминер ата-энелерди балдарынын адаттарына көбүрөөк көңүл бурууга жана ден соолукка келтирилүүчү тобокелдиктерди түшүндүрүүгө чакырды.
«Ошондуктан, ата-энелер балдарыбызды карап, маалымат берип койгонубуз ашыкча болбойт», — деп жыйынтыктады Орунбеков.