Токтогул суу сактагычында 10 млрд 615 млн куб метр суу бар. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-февралда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 615 млн куб метрди түзөт.
Суунун агып келиши секундасына 151 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 723 куб метрге жетүүдө.