Токтогулда ичимдик ичип отурган 4 кишинин чыры адам өлүмү менен аяктады

Токтогулда ичимдик ичип отурган 4 кишинин чыры адам өлүмү менен аяктады

Жалал-Абаддын Токтогул районунда адам өлтүрүүгө шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда болжол менен саат 14:00до райондогу үйлөрдүн биринен киши колдуу болгон 35-40 жаштагы жарандын сөөгү табылган.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжсында шектүү катары Токтогул районунун тургундары 40 жаштагы А.Б, 35 жаштагы М.Г. жана Талас облусунун тургуну 36 жаштагы О.К. кармалды.

Милиция билдиргендей, алар суракка алынып, өз көрсөтмөсүндө окуя 27-февралда саат 18:00дордо болгонун билдирген. Шектүүлөрдүн айтымында, алар бир үйдө 4 киши болуп ичимдик ичип отурушкан. Бир маалда сөз талаштан улам чыр чыгып, алар чогуу ичимдик ичип отурган адамды үчөөлөп сабап салышкан. Андан кийин окуя жеринен кетип калышкан.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>