Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Азия биринчилигинде 2 алтын уткан Кеңешбеков дүйнө чемпионатына барат
29.02.2024 | 16:28
Кыргызсандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Улуу Британияда өтө турган жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Кеңешбеков аталган мелдеште 1500 метр аралыктагы жарышка катышат. Аны башкы машыктыруучунун милдетин аткарып жаткан Айып Исаков коштоп барат.
Дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын маалыматы боюнча, мелдеш 1-3-мартта Глазго шаарында өтөт. Ага 130дан ашык өлкөдөн 650дөй спортчу катышат.
Эскерте кетсек, Нурсултан Кеңешбеков жакында эле Иранда өткөн жабык имараттардагы жеңил атлетика боюнча Азия биринчилигинде эки алтын байге утуп, Азиянын эки жолку чемпиону болгон (1500 жана 3000 метр аралыктагы жарыштарда).