Бишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылуудаБишкекте Мигранттар үчүн ресурстук борбор ачылды
Төлөм акыны сом менен кабыл алуудан баш тарткандар жоопко тартылат
15.08.2024 | 17:00
Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору кайра иштелип чыкты. Демилгечилер өлкөдө ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автотранспорт, кредиттер, турларды уюштуруу чет элдик валюта менен жүргүзүлүп жатканын, доллар кымбаттаганда баалар өсүп, элге оор келип жатканын белгилейт.
Андыктан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү (автомототранспорт жана баалуу кагаздар) улуттук валюта менен гана сатуу сунушталат. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын доллар менен көрсөтүүгө тыюу салынат.
Мыйзам долбоордо талапты аткарбагандар жоопкерчиликке тартылары белгиленет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика