Москвада мекендештерин уурдап, акча опузалаган шектүүлөр кармалды

Москвада мекендештерин уурдап, акча опузалаган шектүүлөр кармалды

Москвада мекендештерин опузалап акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыма болгондой, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Москвада Кыргызстандын жарандарынан турган кылмыштуу топ мекендештерин уурдап, акча опузалоо менен алектенип жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

23-майда полицияга Кыргызстандын 37 жаштагы жараны кайрылган. Ал арызында билдиргендей, белгисиз адамдар анын Н.А. уулу аттуу жакын тууганын уурдап кетип, акча талап кылган. Уурдалган жаран туугандарынан жана тааныштарынан 150 миң рубль которууну суранган. Ошол эле учурда анын кайда жүргөнү белгисиз болгон.

«Уурдалган Н.А. уулунун жүргөн жерин, ошнодой эле, аны уурдоого жана акча опузалоого тиешеси барларды аныктоо максатында ИИМдин өкүлчүлүгү менен полиция биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзө баштаган», — деп билдирет ИИМ.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган Н.А. уулу Головинское шоссесиндеги батирлердин биринен табылган. Бул кылмышка шектүү катары алты адам кармалган. Кармалгандардын баары Кыргызстандын  жарандары болушат: 1996-жылы туулган И.А., 1995-жылы туулган А.Т. уулу, 1997-жылы туулган Э.М. уулу, 2000-жылы туулган Ы.Б., 1999-жылы туулган Ж.Р., 2001-жылы туулган А.Б. уулу. ИИМден билдиришкендей, алар адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана карыздарды өндүрүү менен алектенип келген.

«Ошондой эле, бул батирден кылмышкерлер өз эркине каршы камап турган Кыргызстандын 23 жаштагы Н.Д. аттуу жараны табылган. Кылмышкерлер андан 300 миң рубль талап кылышкан. Аныкталгандай, экөөнү тең сабашып, тапанчага окшош буюм менен коркутушкан», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 2-бөлүмү (Эркинен мыйзамсыз ажыратуу), 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) жана 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Соттун чечими менен кармалгандар камакка алынган.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын тиешеси бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Маалым болгондой, 10-майда шектүүлөр ошол эле батирге Жалал-Абад облусунда туулган 40 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды күч менен алып келишкен. Аны коркутуп, 1 млн рубль акча талап кылышкан.

Бул факты боюнча  Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүгү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон», — деп билдирет министрлик.

Учурда камакка алынгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ Россия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>