Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
10.01.2023 | 12:53
Бүгүн, 10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин киргизилди. Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом