Кыргызстан менен Словения кино тармагында кызматташууну өнүктүрөтАмир Кунакуновдун өлүмү: ӨКМде мыйзам бузуулар аныкталып, кылмыш иши козголдуДепутат тез жардам унааларын ылдамдыкты ашырганы үчүн айыпка жыкпоону сурандыКРда пенсия алууга укугу жок жарандарга пенсиялык топтомолорун алууга уруксат берилиши мүмкүнСадыр Жапаров ӨКМ башчысына катуу сөгүш жарыяладыКыргызстанда бардык аймактык аэропорттор калыбына келтирилди — андан ары эмне болот?
Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди
10.01.2023 | 12:53
Бүгүн, 10-январь күнү эртең мененки саат 10:30дан баштап жасалма тыгындарды болтурбоо максатында Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин киргизилди. Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
“Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом