Кыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия кыргызстандык жашылчаларды жана кургатылган мөмө-жемиштерди Монголиянын базарына экспорттоону кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле тараптар мал чарбачылыгы жаатындагы кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуу 14-октябрда өттү. Министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу Монголиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дэмчиг Тэгшжаргалды кабыл алды. Алар айыл чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана айыл чарба продукциясы менен өз ара соода жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн Монголиянын рыногуна чыгышына, эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн ортосунда түз байланыштарды түзүүгө жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар мал чарба продукциясын соодалоонун келечегин да карашты. Бул багыттагы кызматташтыкты ветеринардык-санитардык талаптарды эске алуу менен мындан ары да иштеп чыгуу зарылдыгын белгилешти.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүгө, айыл чарба продукциясынын экспортун кеңейтүүгө жана соода-экономикалык байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.