Айрым аймактарда жаан жаайт: 15-октябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстан менен Чехия Бишкек — Прага түз аба каттамын ачуу маселесин талкууладыНарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга берди
Умрага жөнөтөм деп $12 миң алып, алдап кеткен шектүү кармалды
20.02.2023 | 11:12
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелип 37 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-февралда милицияга Ш.Ш. аттуу жаран кайрылып, быйыл январь айында Х. аттуу жаран, умрага (кичи ажылык) жөнөтөм деп убада кылып, 12 миң 150 долларын акчасын алып, алдап кеткенин билдирген.
Бул фактыга байлданыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 37 жаштагы Р.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(508) 11-11-12 же 0(709) 88-77-08 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз