Товар жүгүртүүнү 2 млрд долларга жеткирүү. Кыргызстан менен Өзбекстан дагы эмнелерди макулдашты?

Кыргызстан менен Өзбекстан Чолпон-Атада өткөн Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын жүрүшүндө 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жеткирүү пландарын ырастап, кызматташуу боюнча макулдашуулардын жаңы пакетине кол коюшту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын КР Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында өттү.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, 2025-жылдын жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 19 пайызга өскөн. Акыркы беш жылдын ичинде өз ара сооданын көлөмү эки эсеге көбөйгөн.

Тараптар ошондой эле өнөр жай, айыл чарба, энергетика, логистика жана инвестиция чөйрөсүндөгү кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, Кыргызстан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүнү, анын капиталын көбөйтүүнү жана биргелешкен индустриалдык парктар менен логистикалык борборлорду ишке киргизүүнү тездетүүнү сунуштады.
Аймактагы ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Сөз тараптар XXI кылымдын жаңы Жибек жолу деп атаган «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушу, ошондой эле «Камбар-Ата-1» ГЭСи долбоору боюнча биргелешкен иштер жөнүндө болуп жатат.
Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Ташкент кызматташууну мындан ары да чыңдоого жана эки өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен өкмөттөр аралык комиссиянын 12-жыйынынын протоколуна кол коюлду.