Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкектеги райондордун бирине ыйгарылат

Турдакун Усубалиевдин ысымы Бишкектеги райондордун бирине ыйгарылат

Турдакун Усубалиев — кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Жээнбеков чейрек кылым Кыргызстанды жетектеп, өлкөнүн өнүгүүнүн бийик тепкичине жеткирген улуттук лидердин юбилейин белгилөө — баарына сыймык жана шыктануу тартуулаган окуя экенин билдирди.

«Турдакун Усубалиевич өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, „алтын доор“ болду. Бүгүн биз сөз кылып жаткан жылдарда Кыргыз ССРинин экономикасында гана эмес, жалпы эле бардык чөйрөлөрүндө, мурда болуп көрбөгөн өсүп-өнүгүү орун алды. Усубалиевдин учурунда, биздин республикада — айыл чарбада, өнөр-жайда, энергетикада, саламаттыкты сактоодо, билимде, маданиятта — дээрлик баардык чөйрөдө „өнүгүүнүн керемети“ орун алды», — деди өлкө башчы.

Президент Усубалиевдин ысымын Бишкектеги эски аянтка жана борбор калаанын райондорунун бирине ыйгарууну сунуштады.

«Улуу инсаныбыздын ысымын ыйгаруу боюнча мыйзамда белгиленген беш жылдык мөөнөт жакында аяктайт. Усубалиев өзү курган Күрпсай ГЭСине анын аты берилди. Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич өзү майрамдык параддарды кабыл алып жүргөн Өкмөт үйүнүн алдындагы Эски Аянтка жана Бишкек шаарынын райондорунун бирине анын ысымын ыйгарсак — туура иш болот деп ойлойм. Эң негизгиси — улуу инсаныбызга койгон эстелигибиз да, эскерүүбүз да,  анын жолун татыктуу улап кетүү менен өлчөнөт», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>